Быйыл Жалал-Абад облусунун дыйкандары 11 миң 400 гектар аянтка пахта өстүрүшкөн. Бул былтыркы жылдагыдан 1708 гектарга көп. Түшүмдүүлүк ар бир гектарына 33 центнерден айланууда.
Адистердин айтымында бул жакшы көрсөткүч.
Республикада пахтанын аянты жыл санап кеңейип барат. Пахта жеңил өнөр жайы үчүн табылгыс сырье. Ошондуктан, пахтаны өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны түмөндөөдө.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"