Кыргызстандык балбан Арууке Кадырбек кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын коло байгесинин ээси болду. Ал мелдешке 53 кг салмак категориясында катышты.
3-орун үчүн болгон беттеште Арууке Индонезиянын балбаны Юсма Десвитаны 3:0 эсебинде жеңип, коло медаль тагынды.
Ушул күндөрү Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат.