Дүйнө чемпиоанты: Эки балбан кызыбыз бүгүн таймашка чыгат
Новость

Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын бешинчи күнү бүгүн кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 53 кг, 62 кг, 68 кг жана 72 кг салмак категорияларында таймаштар болот.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү мелдештерде Кыргызстандын атынан эки балбан кыз килемге чыгат.  68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова. 2021-жылкы дүйнө чемпиону жана Токио-2020 Олимп оюндарынын коло, Париж-2024 Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси биринчи айлампаны өткөрүп, 1/8 финалдык беттештен күрөшүп баштайт.

Экинчи балбан кызыбыз Нурзат Нуртаева 72 кг. салмакта 1/8 финалда казакстандык спортчу, төрт жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку коло байге ээси Жамиля Бакбергенова менен таймашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат. Аны УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрсөңүз болот.

Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионаты 21-сентябрга чейин уланмакчы. Ага Кыргызстандын курама командасы да катышууда.