Нурзат Нуртаева казакстандык атаандашы Жамиля Бакбергенованы утту
Новость

Хорватияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Нурзат Нуртаева казак атаандашын утту.

Ал 1/8 финалдык баскычта 72 кг салмак ченинде казак балбаны Жамиля Бакбергенова менен күрөшүп, 3:3 эсебинде Нуртаеванын пайдасына чечилди.

Жамиля Бакбергенова төрт жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку коло байге ээси.