Асан Жанышов — грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси
Новость

Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык 20 жаштагы балбаныбыз Асан Жанышов коло байгенин ээси болду.
 
 87 килограммдык салмак ченинде күч сынашкан Асан Жанышов коло үчүн, дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган  венгриялык Давид Лошонци менен күрөшүп, 4:2 эсебинде жеңип алды. 

Бул турнирде грек-рим күрөшү  боюнча алгачкы медалды кыргызстанга Асан Жанышов алганын белгилей кетсек.