Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында 9-орунду ээледи
Новость 20 жаштагы кыргыз балбаны Асан Жанышов Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Хорватия, Загреб шаары, 21-сентябрь, 2025.

 Хорватиянын Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионаты 21-сентябрда жыйынтыкталды. Грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде жалпысынан 10 топтом медаль ойнотулуп, ага Кыргызстандан 10 спортчу катышты. 

Жыйынтыгында Асан Жанышов коло медалга ээ болду. Улан Муратбек уулу жана Раззак Бейшекеевге  5-орун ыйгарылды. Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 45 упай топтоп, 57 курама команданын арасында 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүккө Иран, Азербайжан жана Өзбекстандын командалары кирди.