Өлкө суукка чулганат: -20 градус суук келе жатат
Новость

Өлкөдө 4–6-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромед билдирет.

4–5-ноябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым аймактарда карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерди туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден 15–20 метрге чейин жетет.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…+5°;
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…+5°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн 0…+5°, күндүз +1…+6°;
  • Тоо этектеринде: түнкүсүн -2…-7°, күндүз -2…+3°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда: түнкүсүн -4…+1°, күндүз +1…+6°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…+4°;
  • Тоолуу райондордо: түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;
  • Бийик тоолуу райондордо: түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10° суук болот.

6-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөн аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.