Сот эмес – соода: 10 миң доллар пара сураган судья кармалды
Новость

Жайыл райондук сотунун мурдагы аппарат жетекчиси пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКга Жайыл райондук сотунун судьясы жана мурдагы аппарат жетекчисинин мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат түшкөн. Алар алдын ала сүйлөшүп алышып, соттолуучунун бир тууганынан соттун оң чечимин камсыздап берүүнү убада кылып, 10 миң доллар талап кылышкан.

2023-жылы соттолуучунун бир тууганы макулдашылган сумманын 480 миң сомун судьяга берген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кармалып, Министрлер Кабинетинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.