Кыргызстандын бал экспорту жаңы рекорд койду
Новость

Кыргызстан 2025-жылдын январь–август айларында Кытайга 106 тонна бал экспорттоду. 

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилинде жөнөтүлгөн 37,8 тонна балга салыштырмалуу 93,1%га көп.

Жалпы жыйынтык боюнча Кыргызстан аталган мезгил ичинде 237 тонна балды экспорттогон. 

Кыргыз балы Кытайдан тышкары Кувейт, Япония, БАЭ, Өзбекстан, Түштүк Корея, АКШ, Катар жана Малайзия сыяктуу өлкөлөргө да жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, өлкөдө бир жылда 3 миң тонна бал өндүрүлөт.