Таш-Көмүрдө 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди
Новость

Бүгүн Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында алгачкы жолу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан толук реконструкциядан өткөн көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев катышты.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы турак жай ээлерин куттуктап, бул иш-чара мамлекеттин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.