“Кыргызстан билими жетик, илими терең, ошону менен улуттук нарк-насилди урматтаган, дүйнөлүк ой жүгүртүүгө ээ жаштарга муктаж”, - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда жогорку окуу жайлардын студенттерине Президенттик стипендия тапшыруу аземинде.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Келечектен көптү үмүттөндүргөн ардактуу жаштар!
Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Биз бүгүн Кыргызстандын келечегинин кепилдиги болгон үлгүлүү жаштардын ийгилигин белгилөө үчүн чогулуп олтурабыз.
Албетте, Президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес. Ал – окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын жыйынтыгы жана аларга шык берүү болуп саналат.
Бул залда отурган ар бир стипендиатты өз кесибинин мыктысы болууга умтулган, өлкөсүнө кызмат кылууга даяр, жаңыча ой жүгүртө билген, жаңы муундун өкүлү деп билем. Силердин бүгүнкү ийгилигиңер — профессордук-окутуучулар курамынын мээнетинин, ата-энелердин ар тараптуу колдоосунун жана өзүңөрдүн билим алууга болгон ынтызарлыгыңардын үзүрү.
Бүгүн силерди Президенттик стипендияга ээ болушуңар менен куттуктоо – буга чейинки жетишкендигиңерди баалоо гана эмес, келечекте өлкөгө керектүү кесипкөй адис болуп чыгууга чакырык деп айтаар элем. Кесипкөйлүк мээнетсиз, өзүнө өзү эле келе бербейт – аны сабыр, тынымсыз эмгек, максатка берилгендик гана жаратат.
Президенттик стипендияңар кут болсун!
Урматтуу студенттер!
Бүгүн биз өлкөбүздүн билим берүү системасын эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып жаңыртуунун аракетиндебиз. Анын ичинде жогорку окуу жайларда окутуунун сапатын арттырууга басым жасап жатабыз.
Биздин максат – студенттердин билим алуусуна гана эмес, дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү. Мына ошондуктан, жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү колдоого, жаштардын чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз.
Бул багытта быйыл дагы айрым окуу жайлар өзгөчө макамга ээ болду. Мындай кадамдар аркылуу материалдык-техникалык базалары жаңыланып, академиялык жана каржылык өз алдынчалык макамы берилген окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү өндүрүш менен тыгыз айкалыштырып, иш жүргүзүү талаптары катуу коюлууда.
Мына ушундай шартта силер, урматтуу студенттер, зирек ой жүгүртүү менен ошол заман талабына ылайык келген, Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болууга тийишсиңер!
Анткени кайсы тармакты алба, келечек – билимдүүлөрдүн, максат коюп, ага жете билгендердин колунда экенине турмушубузда күбө болуп, Кыргызстанда билими жетик, илими терең, ошону менен улуттук нарк-насилди урматтаган, дүйнөлүк ой жүгүртүүгө ээ жаштарга муктаж болуп турганыбызды жашырбай айтып келе жатабыз.
Ошондуктан, “Бүгүнкү ийгилик – эртеңки жоопкерчилик” деп алган билимиңерди, бардык мүмкүнчүлүгүңөрдү, жигердүүлүгүңөрдү өлкөбүздүн өнүгүүсүнө арнаарыңарга бекем ишенем. Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда адилеттүү, өнүккөн, ак ниет эмгекке негизделген мамлекетти куруу мына силердей жаштардын колунда!
Силердин бүгүнкү жетишкендигиңерди баалоодо мугалимдердин мээнетин белгилебей коюуга мүмкүн эмес.
Ар бир студенттин ийгилигинин артында – билимге багыт берген, дем берген, ата-энедей мээрим төккөн, акыл-насаат айткан окутуучулардын эмгеги жатат. Окутуучу, профессор, доцент агай-эжейлердин бүгүнкү замандын күрөө тамырын кармап, жаш муун өкүлдөрүнө туура жол көрсөтүүгө кылган аракеттери үчүн терең ыраазычылык билдирем!
Урматтуу жаштар!
Дүйнөдө кайсы гана жетишкендикти албайлы, билимдин, илимдин аркасында гана болуп жаткан маалда биз силерди Кыргызстандын жигердүү, жоопкерчиликтүү, билимге умтулуу менен натыйжа чыгара ала турган жаш муундун жаркын жүзү, өлкө келечегинин кам көрүүчүсү катары көрөбүз.
Ааламдашуу айдыңы терең билимди гана эмес, жаңы технологияларды тез өздөштүрүүнү, креативдүү, заман агымы менен тең жарыша ой жүгүртө билүүнү талап кылууда. Азыр алдыга умтулуу, жаңы табылгаларды үйрөнүү, илимий ачылыштарды жасоо, алардын негизинде жаңы идеяларды ишке ашыруу эң маанилүү артыкчылыкка айланды.
Мындай учурда силер, жаштар бардык тармактардагы заманбап өзгөрүүлөрдүн борборунда болушуңар зарыл.
Азыркы тапта жаңы технологияларды, жасалма интеллектти пайдалануу менен IT–стартаптарды демилгелөө, ар кайсы тармакта иштиктүү долбоорлорду: агрардык чөйрөдө, экологияда инновацияларды түзүү, медицинада нанотехнология, биотехнология жана ген терапиясы менен ооруларды алдын алуу, экономикада жаңы экономикалык моделдерди, бизнес-стартаптарды сунуштоо, инженерияда акылдуу системаларды куруу, билим берүүдө жаңы ыкмалар менен окутууну жакшыртууга заманбап сунуштарды даярдоо, көркөм өнөр жана маданиятта дижиталдык искусство, мультимедиа менен улуттук мурасты айкалыштырып жайылтуу, экотуризм аркылуу өлкөнү дүйнөгө таанытуу, коргоо жана коопсуздукта киберчабуулдарга каршы системаларды ойлоп табуу жана башка маселелер курч турат.
Силер ушул сыяктуу тармактардын баарында жаңы инновацияларды өздөштүрүү менен өлкөбүздү алдыга жылдырасыңар!
Кымбаттуу студенттер!
Бүтүндөй мамлекет, жалпы эл-журт силердей жаштарга үмүт артып турат: татыктуу билим алгыла, жаңылык жараткыла, жаратман иштерге аралашкыла, ата-бабалардан калган нарк-насил менен сыймыктанган Кыргызстандын заманбап кыргыз жарандарынан болгула!
“Көздүү мончок жерде калбайт” дегендей, мындай ар тараптуу, билимдүү, нарктуу жаштар – биздин эң чоң байлыгыбыз, Кыргызстандын жаркын келечеги!
Президенттик стипендия силер менен бирге, башка ийгиликтүү жаштарыбызды бийиктикке үндөп, дем-күч берип, шыктандырсын, сиздерден үлгү алсын демекчимин!
Билим жолуңарга ийгилик, чыгармачылыгыңарга шыктануу, жашооңорго ак жол каалайм!
Кыргызстандын жаркын келечеги силердин колуңарда!
Президенттик стипендияга ээ болушуңар менен дагы бир жолу куттуктаймын!”
(Текст өзгөртүүсүз берилди)
 
                                                                                     
                                    
                                    
                                    
                                   