Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 18:00дө 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Жалпысынан 589 талапкер көрсөтүлдү, алардын 365и эркек, 224ү аял. Азыркы учурда 168 талапкер катталды, 19 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, ал эми 7 талапкерди БШК каттоодон четтетти.
 
                                                                                     
                                    
                                    
                                    
                                   