Ташиев: Министр мага ыйлап келди (видео коркутуу)
Новость

Президент чакырып токтот деп эскертсе да, Матраимов менен Колбаев өз ишин улантып, мамлекеттик структураларды көзөмөлдөп келишкен. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз милициясынын 101-жылдыгына карата бир катар кызматкерлер жана милициядагы айымдарды куттуктоо учурунда билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, президент өзү аларды чакырып, кылмыштуу иштерин токтотууну эскерткенине карабай, күчөп кетишкен.

“Мен силерге бир мисалды айтып берем. Бир министр ыйлап келип, кечээ телефонуна видео чалуу келгенин айтты. Видео чалуу учурунда ары жагында Көлбаев турган. Ал дароо эскерткен: “ушул иштерди бүтүрбөсөң, эртеңден тартып азабыңды тартасың” деп. Министр арыз жазайын деди, бирок мен аны иштейсиң деп токтоттум дагы чара көрүүгө мажбур болдук. Алар кайсы партиялар өтүш керек, ким депутат, ким кайсы шаарда мэр болуш керек, ошондон бери чечип калышкан. Милицияларды, жол тескөөчүлөрдү такыр эле тоготпой калышкан. Алар гана эмес коопсуздук кызматкерлерин да тоготпой калышкан. Кыйын деген генералдарыбыз да жакын жолоп, аларга сүйлөй да албай калышкан”,-деди Ташиев.