Кара-Кулжа районунун Кара-Гүз айылында 8 жаштагы баланы ит талап каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-октябрь күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Гүз аймагындагы тургун 2017-жылы туулган баланы ит талап каза болгондугу тууралуу райондук ооруканадан билдирүү түшкөн.
Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.