Көпчүлүк үчүн энергетик чарчоону жазып, күч-кубат берүүчү суусундук сыяктуу. Бирок мунун организмге канчалык зыян экенин билсек дагы, андан кубат алабыз деп ичкен жаштардын саны арбын. Энергетиктин кесепетинен оор ооруларга туш болуп, майып болуп калгандар дагы жок эмес. Алардын бири – Бактыбек Камчыбеков. Ал эки жыл бою мойну ооруп жүргөнүнө маани бербей, күнүмдүк жашоосун уланта берген.
Бактыбектин айтымында, оорунун алгачкы белгилери байкалганда ал жөн гана чарчоо деп ойлогон. Каракол шаарында дарыланып жүргөнүнө карабастан, абалы жакшырган эмес. Ошол мезгилде ал той-топурларга көп катышып, тамада болуп иштеп жүргөндө күнүнө 4-5 бөтөлкөгө чейин энергетик ичимдиктерди колдоно баштаган.
“Жолдо кетип баратып экини, кечинде келе жатып дагы экөөнү иччүмүн. Энергетик ичпесем курсагым тойбогондой сезилчү,” — дейт ал.
Камчыбеков бир күнү кезектеги тойдо жүргөн учурда колдору шалдырап, микрофон көтөрө албай калган. Ал күнү жардамчылары менен ишин араң бүтүрүп, дароо шаарга кайтып, МРТдан өткөн. Натыйжада анын жүлүнүндө шишик бар экени аныкталган.
Дарыгерлер бул операцияны Кыргызстанда жасоо мүмкүн эместигин билдирип, чет өлкөгө чыгууга кеңеш беришкен. Ошентип, Бактыбек дарылануу үчүн Түркияга жөнөп, операция Стамбул шаарында өткөн. Ал жакта дарыгерлер аны тез арада томографияга тартып, шашылыш түрдө операцияга алышкан.
“Операциядан кийин өзүмдү жакшы сезип жаткам, бирок көп өтпөй температура 41ге чейин көтөрүлүп, реанимацияга киргизишти. 9 күн ал жерде жаттым. Тамагымды тешип, өпкөмө суу толуп, жүрөккө жабышып калганын айтышты. Дарыгерлер бул абалдын себеби энергетик ичимдиктер болушу мүмкүн дешти,” — деди Бактыбек.
Учурда ал дарылануусун улантып, абалы акырындап калыбына келип жатат. Бирок бул окуя анын жашоосун түбөлүк өзгөрткөнүн айтат.
Кардиолог Акмарал Рустамбекованын айтымында, энергетик ичимдиктердин жүрөк-кан тамыр ооруларына терс таасирин тийгизери далилденген.
“Энергетиктердин курамында кофеиндин дозасы нормадан ашат. Ал кан басымды жогорулатып, жүрөктүн кагышын тездетет. Кээ бир учурларда жүрөк бир мүнөттө нормадан ашып, 90–100 жолу согушу мүмкүн. Бул айрыкча жаштар жана жүрөк оорусуна жакын адамдар үчүн өтө кооптуу,” — деди кардиолог.
Адистердин айтымында, мындай ичимдиктердин зыяны дароо билинбегени менен, узак мөөнөттүү колдонуу жүрөк, боор жана нерв системасында олуттуу бузулууларды жаратат. Ошондуктан дарыгерлер элди, айрыкча жаштарды энергетик ичимдиктерди колдонбого чакырууда.