Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү Жамалидинов Улан Тилектешович жеке арызы боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Анын ордуна Санжар Абдыгазиев Улуттук банктын башкармасынын мүчөсү болуп дайындалды.