Ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 50 миң долларын опузалаган укук коргоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, ал ар кандай мамлекеттик органдарда жабырлануучунун кызыкчылыгын коргоп, ишеним кат менен иш алып барып, ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдары менен түзүлгөн келишимге таянуу менен кылмыш иши боюнча соттолуучулардын бирин камактан бошотуу шылтоосу менен 50 миң доллар опузалап алганы аныкталган.
Шектүү 17-сентябрда 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесине киргизилген.
Учурда тергөөнүн алкагында ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдарынын аталган жаран тарабынан опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.