Айлык этабы менен көтөрүлүп, медиктер үйлүү болушат
Новость

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жаңы төрөт үйүнүн курулушуна расмий түрдө старт берди.

Жаңы имарат Нарын облустук бириктирилген оорукананын базасында 100 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу болуп курулат. Объект толугу менен заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалмакчы.

Курулуштун башталыш аземинде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев өлкөнүн алыскы аймактарында медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу – өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

“Кочкорго жаңы оорукана салынып жатат. Ак-Талаага да оорукана жана төрөт үйүн куруу боюнча тапшырма бердим. Нарын шаары өзгөрүп жатат – эски имараттар жаңыланууда. Бул мамлекетибиздин алыскы региондорго болгон камкордугу”, – деди УКМКнын төрагасы.

Ташиевдин айтымында, жаңы төрөт үйүнүн курулушу Эгемендүүлүк күнүнө чейин бүткөрүлөт деген максат коюлган.

Ошондой эле төрага медицина кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча да бир катар чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

“Медицина кызматкерлеринин айлыгы аз экенин түшүнөбүз. Бул багытта атайын программа иштелип чыгууда. Ар бир дарыгер үйлүү болушу керек. Ипотекалык үйлөр салынып жатат, силер дагы үй аласыңар. Айлык маяна этап-этабы менен көтөрүлөт”, – деди Ташиев.

Генералдын айтымында, өлкө боюнча жаңы ооруканалар курулуп, мурда болбогон медициналык жабдуулар алынууда. Мунун бардыгы элдин саламаттыгын сактоо жана дарыгерлердин ишин жеңилдетүү үчүн жасалууда.