Кыргызстанда тогуз айда 444 бала ар кандай зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдады.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын алгачкы тогуз айында 444 бала ар кандай зомбулукка кабылган. Оор турмуштук кырдаалдагы 4843 бала аныкталган.
Алардын 2514ү үчүн балдарды коргоо боюнча жеке пландар иштелип чыккан. Оор турмуштук кырдаалдардан 2488 бала куткарылган.
Андан тышкары, колдоого муктаж 1277 үй-бүлө аныкталган, алардын ичинен 947 үй-бүлө социалдык жардам, документтештирүү же билим берүүгө жайгаштыруунун аркасында кризистен чыга алышкан.