Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерине байланыштуу беш мыйзам бузуу фактысын аныктап, тиешелүү талапкерлерге 7 миң 500 сомдон айып салды.
Маалыматка караганда, бул жарандар үгүт өнөктүгү расмий түрдө 10-ноябрда баштала электе эле шайлоо эрежелерин бузуп, жарнамалык мүнөздөгү билдирүүлөрдү таратышкан.
Мындан тышкары, дагы бир катар арыздар укук коргоо органдарына териштирүүгө өткөрүлүп берилди. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин бири алдын ала үгүт иштерине катышканы үчүн жоопко тартылды.
БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, атайын жумушчу топ бардык арыздарды иликтеп жатат жана ар бир маалымат кылдат каралууда.
“Биздин жумушчу топ бардык жерди карап жатабыз. Ар бирибизге тармактар бөлүнгөн. Элден да маалыматтар келип түшүүдө. Алардын баары кылдат иликтенет. Азыр беш факты бар. Андан сырткары бир мамлекеттик кызматкердин иши да каралууда”,-деди ал.
Үгүт башталганга чейин фейсбук, инстаграм, тик-ток, твиттер, телеграм, вотсап жана башка тармактарда да талапкерлерди мактаган, үгүттөгөн, видеолор, чакырыктар, билдирүүлөр жарыяланса – бул дагы мыйзам бузуу катары эсептелинет. Мындан тышкары шайлоого катышууга арызын берип, бирок талапкер болуп каттала электер подкасттарга 2-3 сааттык маек берип, өзүн кыйыр жарнамаласа да чара көрүлөт.
Шайлоонун үгүт иштеринин так белгиленген мөөнөттөрү жана жол-жоболору бар. Кезеги менен дебаттар, бекер эфирдик убакыт берилет. Уруксат берилген учур келгенде талапкерлер маалымат таратып, эл менен жолугуп түрдүү үгүт иштерин өткөрсө болот.
Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Узарабек Жылкыбаев белгилегендей, мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге үгүт иштерине катышууга тыюу салынат.
“Конституциялык мыйзамда кимдер үгүт иштерине катышат, кимдер катыша албастыгы так көрсөтүлгөн. Ал нормаларга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайт. Мыйзам талаптарын бузгандар үчүн бир нече чаралары каралган”,-деп билдирди БШКнын мүчөсү.
БШК талапкер болом деген жарандардын арыздарын кабыл алууну 30-октябрга чейин улантат. Бирок айрым талапкерлер эрежелерди бузуп эле тим болбостон, шайлоого катышуудан баш тарткан учурлар да кездешүүдө. Мисалы, буга чейин “Кырк Ууз” саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирген.