Быйылкы жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мектептерди окуу китеби менен камсыздоого өлкө бюджетинен 744 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Аида Ишеналиева Биринчи Радиого билдирди.
Анын айтымында, окуу китептерин даярдоо боюнча Агартуу министрлигинин алдында мекеме иш алып барат.
Эскерте кетсек, “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси 2024-жылы февраль айында түзүлгөн. Негизги максаты – өлкө аймагында мектептерди окуу китептери менен камсыздоо болуп эсептелет. Азыркы тапта предметтер боюнча сынак өткөрүп, педагог-окумуштуулар, мугалимдер арасында авторлорду китеп чыгарууга тартууда. Окуу китептерин экспертизадан өткөрүп, басууга даярдоо иштерин активдүү жүргүзүп келет.