Келинди кордогон кайната же кайнене да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу УТРКнын “Акысыз адвокат” көрсөтүүсүндө жактоочу Калыйнур Батыралиев билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү башка мүчөгө карата экономикалык же психикалык зомбулук көрсөткөн учурда, бул үй-бүлөлүк зомбулук катары бааланат.
“Зомбулук көрсөткөн адам сөзсүз түрдө күйөө болбошу мүмкүн. Эгер кайнене же кайната болсо да, мыйзам алдында алар жоопко тартылат”, — деди Батыралиев.