Сексуалдык ыдыкка каршы катуу чара: ИИМ жаңы жазаны сунуштады
Новость

Кыргызстанда сексуалдык ыдыкка каршы күрөш күчөшү мүмкүн. Ички иштер министрлиги буга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жаңы жаза сунуштап, долбоорду коомдук талкууга чыгарды. 

Жаңы мыйзамда коомдук жайларда жана онлайн сексуалдык мүнөздөгү мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү каралат.

Ага ылайык, сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү айтып, жыныстык органдарды көрсөткөндөр, адам каршылык кылганына карабай аны кармалап, сылап, чымчыса, ошондой эле сексуалдык маанидеги сүрөт, видео же аудио жибергендерге 20 миң сом айып же 3–7 суткага чейин камак каралган. Мындай аракет жыл ичинде кайталанса, кылмыш катары эсептелип, 3–5 жылга эркиндигинен ажыратуу каралууда.