Жайыт аймагында мотоцикл айдаган эки жаранга айып салынды
Новость

Жайыт жерлерде мотоцикл айдаган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. 

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө экологиялык эрежелерди сактабаган фактылар аныкталды. Жайыт жерлерде Эндуро мотоциклин айдаган эки жаран кармалып, аларга 2 протокол түзүлүп, ар бирине 5 500 сомдон, жалпы 11 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын, өзгөчө жайыт аймактарын жана экосистеманы бузган ар кандай мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөш улантыларын белгилейт", - деп айтылат билдирүүдө.