Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн шайлоого аралашпоого чакырды
Новость

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине кайрылып, шайлоого аралашпоого чакырды. 

Анын кайрылуусун Президенттин Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. 

“Шайлоого аралашпагыла! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе - анда кызмат ордун тапшырып берип, андан кийин гана шайлоодо иштесин”, - деп айтылат кайрылууда.