Бул суроого Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев “Биринчи радиого” берген маегинде жооп берди.
“Өлкө калкынын санын 30 округга бөлгөндө, ар бир округга 140 миңдин тегерегинде шайлоочу туура келет. Мисалы, Талас облусундагы шайлоочулардын саны 180 миң болгондуктан бир эле округ түзүлдү. Калган 40 миң добуш берүүчү жашаган аймак Чүйдүн Жайыл районуна кошулду. Ошондуктан элдин санына жараша округга бөлүнгөн. Көрсөтүлгөн сандан ашып кетсе, кийинки округга кошулуп кете берет” деди, Койчукеев.
Талас облусунун Талас району Чүйдүн Панфилов району жана Жайыл районунун Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак айыл аймактары Кара-Балта шаары менен бириктирилген. Нарындын Кочкор, Жумгал району, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району менен бир округ түзүлгөн.