Шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 343кө жетти
Новость

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 343кө жетти. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо Комиссиясынан билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин жарандар тизмеден өзүн такташы керек болот. Өнөктүктү утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.