Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.
“Коңшу мамлекеттен импорттолуп келе жаткан 25 150 кг продукцияны коштогон фитосанитардык сертификаттын талаптарга жооп бербегендиги аныкталды. Кыргызстандын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" мыйзамынын жана Евразиялык экономикалык биримдиктин Комиссиясынын №318 чечиминин талаптарына ылайык, ал кайра артка кайтарылды. Иш-аракет "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде жүргүзүлдү” деп айтылат маалыматта.