9 айда ички дүң продукциянын көлөмү 1 трлн. 240 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын айтымында, бул 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10 пайызга өскөн. Өткөн жылга салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү камсыздалды.
Алсак, фармацевтика продукциясын өндүрүү 2,3 эсеге жогорулаган, тамак-аш азыктарын жана тамеки каражаттарын өндүрүү 40 пайызга өскөн, желим буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү 32 пайызга жогорулаган.