Орунбеков: Айсулууну өлтүргөн шектүү 6 кызды зордуктап, төртөөсүн өлтүргөн
Новость

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран тууралуу маалыматтарды ачыктады. 

Орунбековдун айтымында, шектүү Айсулууга чейин да кыздарды зордуктап жүргөн.

«Кумарбек Айсулуудан мурда дагы кыз зордуктап, зордуктоого аракет кылып, муунтуп өлтүргөн фактылар ачылып жатат. Анын курмандыктары 17 жаштан 25 жашка чейинки кыздар болгон. Такси катары келип, кыздарды унаага салып, ээн жерге айдап, колун байлап, андан кийин зомбулук жасаган. Аларды тумчуктуруп, муунтуп өлтүргөн. Кумарбектин өлтүрүү аракетинен эки кыз тирүү калган. Бул боюнча бирөөндө айып салынып, экинчисинде Бишкек шаардык соту адам өлтүрүү беренесин каракчылык жана тоноо беренесине алмаштырып, жазасын жеңилдеткен. Натыйжада Курманбек эркиндикке чыгып кеткен», — деп жазды ал.

Шектүү жалпы жети кызга зордук-зомбулук жасаганын айтып берген. Анын ичинен белгилүү болгон алты кыздын төртөө өлтүрүлүп, экөө аман калган. Андан тышкары дагы бир кызды талаага алып барып, зордуктап, өлтүрбөй таштап кеткен.