Бишкек шаары боюнча жер мунапысынын алкагында жалпысынан 37 миң 27 арыз кабыл алынган. Бул тууралуу Биринчи радионун “Түз байланыш” уктуруусунда Бишкек шаарынын жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору Уран Мусаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта 24 миң 718 арыз каралып, аныктоо жана тактоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, 15 миң 221 арыз Бишкектин архитектура мекемесинде кароодо, ал эми 10 миң 651 турак жай боюнча тиешелүү райондордон токтомдор чыгарылган.
“Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен жыл аягына чейин комиссиялык отурумдар жер мунапысы боюнча иштерди аягына чыгарабыз деп турабыз”, — деди Уран Мусаев.
Эске салсак, жер мунапысына байланыштуу арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктаган. Учурда шаардык кызматтар турак жайларды документтештирүү иштерин жүргүзүп жатышат.