Кыргызстан коопсуз өлкөгө айланат: Өлкө боюнча 20 миң видео камера орнотулат
Новость

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде акыркы үч жылда өлкө аймагында видео камералар орнотулуп жатат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча видео байкоо камераларынын саны 20 миңден ашышы керек. Ошондо гана жарандардын коопсуздугу толук камсыздалат.

Азыркы учурда “Коопсуз шаар” системасынын камералары төмөнкүдөй орнотулган:

  • Бишкек шаарында – 651
  • Баткен облусунда – 248
  • Ысык-Көл облусунда – 283
  • Жалал-Абад облусунда – 205
  • Нарын облусунда – 207
  • Ош шаарында – 57
  • Ош облусунда – 115
  • Талас облусунда – 201
  • Чүй облусунда – 177
“Учурда күн сайын жаңы камералар орнотулууда. Алар акыркы үлгүдөгү, адамдын жүзүнөн таануучу, 360 градус көрүнүштү камтыган көп функционалдуу жабдуулар. Борбор калаада жетиштүү камералар иштеп жатат, эми башка аймактарда да ‘Коопсуз өлкө’ долбоорунун алкагында иш уланууда. Акыркы оор кылмыштардын бетин ачуу да дал ушул камералардын жардамы менен ишке ашты”, — деди Орунбеков.

Ал ошондой эле кылмыш жасоого ниеттенгендерге кайрылып, мындай эскертүү берди:

“Эч качан кармалбай калам деп ойлобогула. Азыр жетиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Кылмыш жасабагыла — Кыргызстан коопсуз өлкөгө айланышы керек.”