Бишкекте курулуп жаткан эки ири объект – стадион жана Конгресс-холл расмий аталыштарын алды. Бул тууралуу кечээ, 14-октябрда өткөн ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында маалым болду.
Комитеттин төрагасы, Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдиргендей, объектилердин аталышы мамлекет башчысы менен талкуулап, кеңешкенден кийин аныкталган. Натыйжада 51 миң орундуу жаңы стадионго “Азаттык Арена”, ал эми заманбап Конгресс-холлго “Ырыс Ордо” деген аталыш берилди.
«Бул чечим — өлкө тарыхындагы маанилүү окуя. Ири курулуштар эркиндикти, берекени жана жаңыланууну чагылдырган символдор болуп, Кыргызстанды эл аралык аренада даңазалайт», — деди Туманбаев.
Жаңы стадиондун курамында 40 миң чарчы метр аянтты түзгөн коммерциялык объекттер да ишке берилет. Ал жерлерде дүйнөлүк спорттук бренддер жайгашары күтүлүүдө. Президенттин тапшырмасы менен бул багытта эл аралык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Туманбаевдин айтымында, стадионду куруу гана эмес, аны сапаттуу пайдалануу жана туруктуу каржылык камсыздоо маселелери да өзгөчө көзөмөлдө турат. «Стадион дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, мазмундуу иш алып баруучу борборго айланышы керек», — деп баса белгиледи ал.