Зардалы: Электрсиз айыл эми санарипте
Новость

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылында эфирдик санариптик телеберүү ишке киргизилди. 

Алыскы аймак болгондуктан буга чейин айылда электр энергиясынын жетишсиздигинен телеберүү сигналы жетпей келген.

Президенттин тапшырмасы менен жергиликтүү тургундарды телеканалдар менен камсыз кылуу максатында заманбап санариптик станция курулду. Эми Зардалынын тургундары Кыргызстандагы негизги телеканалдарды санарип сапатта көрө алышат.

Станция толугу менен автономдуу режимде иштейт — күн панелдери аркылуу кубат алып, тышкы энергия булактарына көз каранды эмес.