Бишкектин түндүк тарабындагы эски айланма жолдун ордуна 6 тилкелүү, заманбап жаңы жол салынууда.
Жаңы айланма жолдун өзгөчөлүгү — анда бир да жол чырак болбойт. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдынан өтмөктөр жана жети көпүрө куруу каралган.
Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Эски айланма жолдо тыгындар үзүлбөй, чаң сапырган техникалар жана жол көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери тынымсыз иштеп жатышат. Бирок акыркы айларда кытайлык жолчулардын тынымсыз аракети менен жаңы эстокадалык көпүрөлөр курулуп, жолдор кеңейтилип жатат.
Маалыматка ылайык, бул тилке аркылуу суткасына 20 миңден ашык автоунаа өтөт. Милициянын кайгуул-кузөт башкармалыгынын кызматкерлери таңкы саат 7ден түнкү 12ге чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга аракет көрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, мындай масштабдуу жол куруу өлкөдө акыркы 30 жылда болгон эмес. Түндүк айланма жол эки деңгээлдүү, он кесилиштүү, В1 категориясындагы заманбап трасса болот.
Быйыл күзгө чейин Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 0-чакырымынан 9-чакырымга чейинки бөлүгү толук бүткөрүлөт. Бул аймак Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен башталып, Кант шаарына чейинки аралыкты камтыйт.
Жол курулушунун жалпы мөөнөтү — эки жыл. Экинчи баскычта курулуш Кожомкул айылындагы «Азамат» унаа базарына чейин уланат. Жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзгөн түндүк айланма жолдун 15 чакырымы быйыл асфальтталып бүтөт деп пландалууда.