Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлону ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды.
Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Садыр Жапаров Кыргызстандын Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да чыңдоого даярдыгын ырастады.
Өз кезегинде Реми Дюфло Европа Биримдигинин Кыргызстан менен байланышты чыңдоого умтуларын баса белгилеп, зарыл болгон аракеттешүүнү көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлого жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.