Бишкек тарыхында биринчи жолу таштандыны кайра иштетүүчү жана электр энергиясын өндүрүүчү ири завод курулууда. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев “Ала-Тоо 24” телеканалындагы “Сөздөн ишке” берүүсүндө билдирди.
Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, курулуш иштери кызуу жүрүп, объект мөөнөтүнөн 20 күн эрте бүткөрүлөт.
Маалыматка караганда, заводдун курулуш иштери графиктен 20 күнгө алдыда бара жатат. 20-ноябрда алгачкы таштанды кабыл алуу башталып, 28-декабрда завод биринчи жолу электр энергиясын жалпы тармакка берери күтүлүүдө.
Ишкана баштапкы этапта суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштетип, келечекте бул көлөмдү 3,5 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Завод таштандыны утилдештирүү менен катар электр энергиясын да өндүрөт. Анын суткалык кубаттуулугу 460 МВт. Анын ичинен 50 МВт заводдун ички муктаждыгына колдонулуп, калган 410 МВт шаардык энергетикалык системага берилет.
Заводдун жалпы наркы 95 млн. долларды түзөт. Аянты 12 гектар.