Ипотекалык батирлерде жашаган балдар үчүн билим берүү шарттары түзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Ала-Тоо 24” телеканалындагы “Сөздөн ишке” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик ипотекалык негизде курулган үйлөрдүн биринчи кабаттарына балдарды окутуу процессин жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Бул менен ипотекалык батирлерде жашаган балдар алыс барбай, жакын жерде билим ала алышат.
“Бүгүнкү күндө мектептерде класстарда окуучулардын саны көп болуп, окуу процессине терс таасирин тийгизип келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн шаардык билим берүү мекемелери ыкчам чараларды көрүп жатат”,- деди мэр.
Белгилей кетсек, 2024-жылы мектептерге кабыл алынган окуучулардын саны 18 миң болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 40 миңге жетет деп пландалууда..