Европа Биримдиги Кыргызстанга 17 млн. евро грант бөлдү
Новость

Европа Биримдиги Кыргызстанга суу секторун реформалоо үчүн 17 миллион евро грант бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда Брюссель шаарында өткөн Global Gateway форумунун алкагында Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров жана ЕБнин Эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы директорунун Азия жана Тынч океан аймагы боюнча директору Петерис Устубс жолугушту.

 Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинети менен Европа комиссиясынын ортосунда суу секторун реформалоону ишке ашыруу боюнча жалпы суммасы 17 миллион евро өлчөмүндө акысыз гранттык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.