Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу мыйзамсыз үгүт аракеттерине жол берилбесин эскертти.
Президенттин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган.
БШКнын билдирүүсүндө белгиленгендей, бул шайлоо — өлкөнүн парламенттик демократиясын өнүктүрүү жана жарандардын эркин, акыйкат добуш берүү укугун камсыз кылуу багытындагы маанилүү саясий жараян болуп саналат.
Комиссия саясий партияларды, талапкерлерди жана жарандарды мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү так сактоого чакырат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө, демөөрчүлүк колдоолорду уюштурууга, же аларды жашыруун үгүт катары колдонууга мыйзам тыюу салат.
Ошондой эле БШК эскертет:
- шайлоочуларды сатып алуу аракеттерине (акча, белек, акысыз товар же кызмат көрсөтүү ж.б.) тыюу салынат;
- билим берүү, саламаттык сактоо жана ибадатканаларда үгүт жүргүзүүгө болбойт;
- үгүт материалдарында диний, этностук, жыныстык же аймактык кастыкты козуткан чакырыктар колдонулбашы керек;
- саясий атаандаштар тууралуу жалган же бурмаланган маалымат таратууга жол берилбейт.
Мыйзам бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоодон четтетүүгө чейин чара көрүүгө укуктуу.
БШКнын маалыматына ылайык, жогорку маданияттагы саясий атаандаштык жана мыйзамдуу үгүт иштери — шайлоонун легитимдүүлүгүнүн жана туруктуулугунун негизги шарты болуп саналат.