Талас мамлекеттик университетинин жаңы корпусу курулат
Новость

Талас шаарында Талас мамлекеттик университетинин жаңы заманбап имараты курулат. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Маалыматка ылайык, шаарда билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ири долбоор башталды. Мамлекеттик жогорку окуу жай үчүн 300 миллион сомдук жаңы беш кабаттуу имарат курулуу каралган.

Окуу корпусу №1 орто мектептин маңдайында, Нуржанов аллеясында жайгашкан. Аталган жайдагы университеттин эски имараты толугу менен алынып салынган.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарынын өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.