Ташиевдин атын жамынган ири алдамчылык: Мотуев жарыялаган тасма боюнча шектүү кармалды
Новость

УКМК Нурлан Мотуев жарыялаган видеодо көрсөтүлгөн фактылар боюнча ири алдамчылыкка шектүүнү кармады.

Шектүү 27-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, “Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу боюнча тендерди утуп алабыз” деген шылтоо менен М.Г.А. аттуу жарандын 210 миң долларын жана BMW X7 унаасын тартып алган. 

Кармалган шектүү УКМКнын Штаб квартирасына жеткирилип, күнөөсүн толук мойнуна алган жана №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда Башкы тергөө башкармалыгы кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, 30-сентябрда Нурлан Мотуев соцтармактагы баракчасына видео жарыялап, анда ал Кожоев Шекер аттуу жаран УКМК төрагасынын атын жамынып, Гүлзина аттуу аялдан 330 миң доллар алдап алганын билдирген.