Ташиев: Коңшу өлкөлөр менен чек аралар 100% такталып бүттү
Новость

Коңшу өлкөлөр менен чек аралар толук такталып бүттү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Чек ара кызматынын Борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасында билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара 100% такталып бүттү. Президенттин тапшырмасынын негизинде акыркы үч жылда чек аралар толук такталып, учурда демаркациялоо иштери жүрүүдө.

"Мындан ары биздин милдет – такталган чек араларды сактоо, коргоо жана эч кимге буздурууга жол бербөө. Бул үчүн чек арачыларга айлык жана керектүү шаймандар камсыздалат. Эми чек араларда чоң жаңжалдар болбойт деген ишеним бар",-деди УКМКнын төрагасы.