Бишкекте коомдук транспорттун аялдамалардагы кыймылы көзөмөлгө алынды
Новость

Бишкек шаарынын муниципалдык транспорт башкармалыгы борбор калаадагы коомдук транспорттун аялдамаларга токтоо тартибин жана жүргүнчүлөрдүн маданиятын күчөтүлгөн көзөмөлгө алды. Бул иштердин негизги максаты — тыгындарды азайтып, шаар ичиндеги унаа кыймылын иретке келтирүү.

Бул ирет жүздөн ашык кызматкер шаардагы эң тыгыз аялдамаларга чыгып, автобустардын токтогон убактысын текшерип, тыгындарды болтурбоо боюнча рейд өткөрдү. Рейдге Бишкектин муниципалдык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери да катышып, абалды көзөмөлдөштү.

Аялдамалар арасынан эң көп автобус токтогон жана тыгын пайда болгон аймак — Ош базарынын айланасы болуп чыкты. Бир токтогондо эле 7-8 автобус келип, унаа кыймылына тоскоолдук жаратып турат. Кызматкерлердин айтымында, ар бир айдоочу эрежеге ылайык убагында катардан чыгып кыймылын уласын, адамдар да автобустарды каалаган жерге токтотпой, эрежени сактасын деген тартипке чакырыктарды беришет.

Бишкекте күнүнө болжол менен 900 миң жүргүнчү коомдук транспортту колдонот. Тейлөө сапатын камсыздоо максатында автобустар күн сайын жуулуп, айдоочулардын иштөө шарттары видеокөзөмөлгө алынып, эрежени бузган учурда тиешелүү чара көрүлөт. Учурда кээ бир чоң көчөлөрдө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан убактылуу ыңгайсыздыктар орун алууда.

Бишкекте күн сайын 1200 автобус каттамга чыгып, таңкы 5тен түнкү 23:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташып келет. Рейддер тоскоолдуктарды жоюу жана кыймылды иретке келтирүү максатында дайыма уюштурулуп турат.