Аскат Алагөзов: Кыргызстан Газадагы кырдаалды жөнгө салуу аракетин колдойт
Новость

“Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт жана эл аралык укуктук принциптерине, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин колдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастайт”,-деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы жеке баракчасына.

Анын айтымында, АКШнын Президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египеттин, Катардын жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу.