Футбол: Кыргызстан менен Шри-Ланка беттешет
Новость

Эртең Олимпиадалык кураманын чечүүчү беттешинде Кыргызстан менен Шри-Ланка беттешет.

Беттеш 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюндун алдында күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа даярдалган. Көңүл ачуучу программа саат 18:00дө башталат.


 Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү башталыш жасап, Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттеште Өзбекстан менен кез келип, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
 
 Белгилей кетсек, финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат. Турнирдин кожоюну Сауд Аравия автоматтык түрдө катышат. Ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү – 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт команда финалдык баскычка жолдомо алышат. Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.