Көк бөрү: “Намыс” “Шахтерди” жеңип, 3-орунду ээледи
Новость

Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдештин акыркы күнү өтүүдө.

Алгачкы таймашта “Намыс” менен “Шахтер” командалары күч сынашып, “Намыс” 3:1 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи таймда да үстөмдүгүн улантып, 4:1 эсебин көрсөтө алды. Ал эми чечүүчү үчүнчү тайм өтө кызыктуу мүнөздө өтүп, “Шахтер” теңтайлашкан оюн көрсөткөнү менен, акыры 5:3 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду.

Жыйынтыгында “Намыс” жалпы 5:3 эсебинде жеңишке жетип, жогорку лигада алгачкы жолу коло медалга ээ болуп, тарых жаратты.

Оюндун эң мыкты оюнчусу “Намыс” командасынын жылдызы Дастан Русланов кооз салымдары менен айырмаланды.