Тарых жаралды! Кыргыз волейболчу кыздар биринчи жолу дүйнө чемпионатына катышат
Новость

Кыргызстандык жаш спортчулар эл аралык аренада ийгиликтерди жаратышууда. Бул жолу пляж волейболу боюнча Кыргызстандын кыздардан турган курама командасы тарых жаратты.  

Тактап айтканда, алар биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалдык мелдешине жолдомо утуп алышты. Кыргызстандын курама командасынын атынан күч сынашкан Роза Расулбек кызы жана Айтурган Айтбекова машыктыруучусу Карина Кимдин жетекчилиги астында ойноп, 21 жашка чейинкилердин пляж волейболу боюнча мелдешинде керектүү рейтинг упайларын топтоп, биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыгышты. 

Буга чейин кыргыз волейболунун тарыхында мындай болгон эмес. Эми кыргызстандык волейболчу кыздар Мексикада 15-19-октябрда өтө турган финалдык оюндарда атаандаштары менен беттешип, жеңишке жетет деген ишеним чоң. Белгилей кетсек, Роза Расулбек кызы менен Айтурган Айтбекова Париждеги Олимп оюндарында тандоо турунан өтүп, Азиянын эң мыкты 8 командасы кирген негизги топто ойногон.