МинКабдын курамынын 8-августтагы эл менен жолугушуусунун графиги
Новость

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Топтун курамында элдин суроосуна жооп берип, айрым маселелерди жеринде чече турган тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер да бар.

Кара-Суу районундагы жолугушуу 8-августта, саат 10:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.

Тогуз-Торо району боюнча жолугушуу 8-августта 10:00дө райондук маданият үйүндө өтөт.