Мээрим Жуманазарова жарым финалда
Новость

Бүгүн Олимп оюндарында Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак ченинде чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күч сынашты.

Кыргыз балбан кызы атаандашын 8:6 упай менен жеңип, жарым финалга аттанды.

1/4 финалда Мээримдин атаандашы болгон 21 жаштагы япониялык балбан кыз Нонока Озаки Дүйнө жана Азия оюндарынын чемпиону.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда монголиялык атаандашы Делгермаа Энхсайханды 1/8 баскычта 8:3 упай менен жеңип, чейрек финалга аттанган.